Коом
Ташиев бийик тоолуу жана алыскы аймактар үчүн «эне капиталы» 1-январдан тарта күчүнө кирерин айтты

Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы аймактарындагы үй-бүлөлөр үчүн «эне капиталы» 1-январдан тарта күчүнө кирерин Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал буга чейин мамлекет ар бир төртүнчү балага — 100 миң сом, бешинчи балага — 600 миң сом, жетинчиге — 1 млн сом, сегизинчи жана тогузунчу балдарга — 1,5 млн сом, онунчу балага — 2 млн сом берүүнү пландап жатканын айткан.
УКМК төрагасы кечээ Оштогу үч эм наристелүү болгон үй-бүлө менен жолугуп, аларга үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, 500 миң сом, ноутбук жана башка белек-бечкек тартуулады.



