Каныбек Осмоналиев: “Өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн революция эмес, туруктуулук жана биримдик керек”

Белгилүү окумуштуу, профессор, саясатчы, учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиевге коомдо болуп жаткан оппозиция, проппозиция өкүлдөрүнүн пикирлери тууралуу кайрылдык.
-Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда азыр абдан бир чоң, маанилүү, жоопкерчиликтүү этапты башынан өткөрүп жатат. Бул 30 жылдан бери топтолуп, чечилбей келген көйгөй — экономикалык, социалдык маселелер. Аларды чечүү жолун издебей, мурдагы бийлик өкүлдөру болбогон эле башка коомдун ыдырашына алып келген коркунучтуу саясат менен алп урушушкан. Алардын арасында коррупция дагы бар, кадр маселеси да бар, жалпы кыргыз элине мүнөздүү болгон каада салтын, барктуулугун, үрп-адатын өзүнө камтып, өзүнчө улут болуп келгенге өбөлгө түзгөн мамлекеттик идеологиянын жоктугу, ушулардын баары биригип келип 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолорго алып келген.
Андан бери бир жарым жылдан ашык убакыт өттү. Ошондо жаңы келген бийлик президент Садыр Жапаров жана анын командасынын аракети астында эл өзүнүн 30 жылдан берки аткарылбай келе жаткан бир мүдөөсүнө жетти. Ал өзү мамлекеттик башкаруунун кандай жолдо боло турганын референдум аркылуу чечип, Президенттик башкарууга багыт алды. Андан кийин жаңы парламент келди. Жергиликтүү кеңештердин курамы түзүлдү. Эки референдум жана башка уюштуруу иштери болуп, мына эми акыркы жарым жылда жаңы бийликтин жетекчилиги астында бир гана нерсенин үстүндө катуу аракет болуп жатат. Бул — өлкөнүн экономикасын көтөрүү.
Өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн биринчи кезекте коомдун ичинде стабилдүүлүк болушу керек. Ооба, Конституциялык укук боюнча ар бир кыргызстандык жаран митинг уюштурууга, митингге катышууга, өзүнүн эркин оюн берүугө укуктуу. Бирок анын милдети да бар. Эгерде туура эмес иштер болуп жаткан болсо, аны бийликке жеткирүүнүн өзүнчө мыйзамдуу жолдору бар. Ошондуктан мен айтаар элем, кийинки учурларда ар кандай революцияларды, ар кандай баш аламандык кылабыз деген күчтөр болуп жаткандыгы албетте ойлондурбай койбойт. Бирок, оппозициянын да өзүнүн укугу, милдети бар. Ал туруктуу экономикалык өнүгүү социалдык маселелерди чечүү боюнча өзүнүн оюн ачык айтып, ар кандай ызы чууну токтотуп, тополоңсуз эле иш жүзүнө ашырууга Конституциялык укугу бар экендигин айтып койгум келет.
Экономиканы көтөрүү үчүн биз мурда болуп көрбөгөндөй башыбыз бириккен стабилдүүлүктү камсыз кылышыбыз керек. Өзгөчө айта турган маселе — экономиканы көтөрүүнүн баардык ички структураларын ойготуп, аны мыйзамдуу жолго салуу маселеси турат. Ошондуктан мен биринчи кезекте биздин саясатчыларды, оппозиция болобу, проппозиция болобу башты бириктирип, эч кандай баш-аламандыкка жол бербей, алдыдагы төрт-беш жылды жалаң гана экономиканы көтөрүү жаатына гана буруп, башыбызды бириктирсек, анда өлкөбүз тез аранын ичинде эле бутуна туруп кетет. Мен муну окумуштуу катары дагы, бир топ тажрыйбалуу саясатчы катары дагы биздин мекендештерден суранат элем, — деди Каныбек Осмоналиев.



