Саясат

Жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жерлердин кайтарылып жатканы жакшы көрүнүш

Бийликти сындоо менен бирге сыйлай билүү да керек экендигин бүгүнкү күн көрсөтүп турат. Кемчиликтер, катачылыктар болсо албетте сындоо керек. Бирок, орду менен, далилдер менен сындоо зарыл. Ошол эле убакта жасалып жаткан жакшы иштерди да көрө билүү, баалай-барктай билүү өзүбүздүн эле мамлекетибиздин келечеги үчүн жакшы болорун унутпасак. Баарына эле кара көө сүйкөп, жакшы иштерди жашырып, кемчиликтерди ашырып көрсөтө берсек, анда кантип өнүгөбүз? Жакшы иштерди алкап туруу да жаңы иштердин жасалышына дем-күч бере турганын унутуп калгандайбыз.

Бүгүнкү бийликтин, мамлекет башчысынын өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканына туура 2,5 жыл убакыт өттү. Албетте, мамлекетти баштан-аяк өзгөртүп, дароо эле өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуп жиберүү алты жылдык бир мөөнөттө эле ишке ашып кетиши кыйын. Өзгөчө коррупция кеңири тамыр жайып кеткен өлкөдө 10 эсе кыйындыкка турат. Сингапур өлкөсү да Ли Куан Ю бийликке келгенде эле дароо өнүгүп кеткен эмес. Ал 1959-жылдан 1990-жылга чейин бийликте туруп, Сингапурду өтө жакыр, коррупциялашкан өлкөдөн дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына алып чыккан. Алгачкы 2-3 жылында эле чоң өзгөрүүлөр боло калган эмес.

Ошентсе да бүгүнкү бийликтин 2,5 жылда жасаган татыктуу иштери бар. Мисалы, борбор калаабыздын чет жагындагы жаңыдан ачылган «Ынтымак» жана «Советтер Союзунун Баатыры Чолпон Түлөбердиев атындагы» парктардын ачылганын айтсак болот. Бул парктар ээлеп турган жер убагында жеке менчик колдорго мыйзамсыз жолдор менен сатылып кеткен эле. Ошону бийлик эрктүүлүгүн көрсөтүп кайрадан мамлекетке алып, жалпы эл эс ала турган ажайып парктарга айландырды. Буга окшогон дагы бир топ мыйзамсыз берилген жерлерди мамлекетке кайтарып алуу аракеттери дагы-да уланууда.

Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жылынын алкагында алыскы айылдарга чейин таза суу киргизүү иштери жүрүп жатат. Коронавирус пандемиясынан улам бул иштер бир топ солгундай түштү, бирок токтоп калган жок.

Ал эми Кыргызстанда коронавирустун очогу жаңы гана пайда болгондо бул илдеттин алдын алуу боюнча баардык иш чаралар убагында көрүлдү. Мамлекеттик кызматкерлерге  иштебей үйдө отуруп калганда да маянасы толук  берилип, аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткирилип турду. Ал эми пенсия, жөлөк пулдар да ар бир үйгө өз убагында жеткирилип берилди. Бул да болсо элибиздин саламаттыгы үчүн болгон аракеттер экенин билишибиз керек. Ал эми коңшу Тажикстанды эле карайлычы, коронавирус илдети чыгып атса да жашырып атып, эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн акыры ал жакта инфекцияны ооздуктоодо бир топ кыйынчылыктар жаралып, оорудан каза болгон адамдардын саны Кыргызстандыкынан бир топ көбөйүп кетти.  

Мекенибизде акыркы жылдарда болуп жаткан жакшы көрүнүштөрдү  көрө билели. Кыргызстан – бул жалпы кыргызстандыктардын ыйык мекени, көздүн карегиндей сактай турган мамлекети. Андыктан ар кандай саясий тирештердин куралына айлана бербей, ынтымак жана биримдик менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошо берели.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button