Окуялар
Ноокатта селден каза болгон наристенин сөөгү табылды

Ноокат районундагы Апшыр-Ата айылында селге агып кеткен 2 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, баланын сөөгү бүгүн саат 15:50дө Апшыр-Ата сайында издөө иштеринин натыйжасында жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилгеди.
Учурда сөөгү табылган баланын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.
Ошентип, селдин кесепетинен жалпы 10 адам каза болду.
«Бүгүн ӨКМден аталган сайда издөө иштерин жүргүзүү үчүн 85 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 100дөн ашуун адам тартылган», — деп айтылат маалыматта.



