УКМК укук коргоочу Камилжан Рузиев алдамчылык иштерди үчүн кармалганын билдирди

Ысык-Көл облусунда укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалды. Бул тууралуу 30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Рузиев жасалма документ жасоо фактысы боюнча айыпталып жатат.
Сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “документтердин жасалмасы” жана “алдамчылык” беренелеринин негизинде катталды.
Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Атайын кызмат “Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам тергөө ишин жүргүзүп жатат” деп маалымдады.
Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү.
Abal.kg



