ЖОГОЛГОН БАКЫТ…

Акылга азык, жанга жарык берчү “Жашоонун сыры кайда катылган?” китебинде адамзаттык казынадан алынган икаялар топтому камтылган. Ар бир икая кыскача окуялар аркылуу чагылдырылып, турмуштун ар кырдаалына жараша акыл-насаатты берип турат.
Китептин түзүүчүсү жана эркин котормочусу — журналист Салтанат Кыдырмаева. Китептин жарык көргөнүнө аз гана убакыт болсо да, коомчулукка тез эле сиңип, эл кызыгып окуган китептердин катарын толуктады.
Анда эмесе, элдин жан дүйнөсүн байытып, аң сезимин жогорулатып, дүйнө таанымын кеңейте турган бул китептеги окуяларды Abal.kg маалымат порталы кезек-кезеги менен журтчулукка сунуштап турууну чечтик.

Жоголгон бакыт…
Бир күнү күүгүм ченде кайырчы үйүнө кайтып келатып, адаттагысындай эле кейип–кепчип тагдырына наалыйт:
– “Бакыт, бакыт” деп коюшат… Кана ал, эл айтып жүргөн бакыт?.. Ушундай жакыр жашоо кантип болсун, бакыт дегени болбогон бир сөз!..
Кайырчынын минтип наалыганы акыры Тагдырдын жанына батат да, анын арыз–муңун жакшылап угуп–билип келүүгө Бакыттын өзүн жиберет. Бакыт кайырчынын үйүнө келсе, ал жаман тепкичине олтуруп алып, дале тынбай сүйлөнүп, тагдырына доомат коюп жатыптыр. Башын мыкчып олтурган кайырчынын сөздөрүн угуп, анын бир аз байлыгы болсо эле өзүн бактылуу сезип жашаарын түшүнгөн Бакыт шап эте колдон алат да, чочуп кеткен тигиге:
– Коркпо, мен сенин Бакытыңмын, жүрү мени менен, – деп, аң-таң түшкөн кайырчы ойлонгуча аны көтөрүп алып учуп жөнөйт. Оо бир убакыттан соң тоо башындагы бир үңкүрдүн алдында болуп калышат.
– Эми мени ук, бул үңкүрдүн ичинде эсепсиз байлык бар. Каалаганыңды ал. Бирок, бир эскертүү берем, байлыкты ченеп ал, алганыңды көтөрүп кеткидей бол. Кайра кайтчу жолуң жөө жана узак болот, өзүң жалгыз кетесиң. Ошондуктан алыңа жараша өз шыбагаңды гана ал. Эгер кокус байлыкты көтөрө албай тургандай ашыкча алсаң, анда баарынан куру жалак каласың, ушуну эсиңе түй. Баары сенин эс–акылыңа, пейилиңе жараша болот, – дейт да, Бакыт дароо көздөн кайым болот.
Жүрөгү жарыла сүйүнгөн кайырчы үңкүргө кирип, андагы сансыз баалуу асыл таштардан, не бир керемет байлыктардан башы айланып, көзү чачырап, колуна тийгендин баарын четинен капка сала баштайт. Андагы бир эле асыл таш анын бир нече айлык тамак-ашына жетчү байлык эле.
– Мына бакыт, мына бакыт! Мен эми бактылуумун, мен эми бактылуумун! – деп кыйкырып, акылынан адашкан немедей кайталай берет. Анан каптын оозу толуп, бууп байлаганга араң жараганда гана жонуна салып, сыртты көздөй кадам шилтейт.
“Оу-уу, канча байлык калды ыя үңкүрдө, ушул бир эле капка ал-күчүмдүн жеткенин карачы” деп кейийт жолуна түшүп жатып. Ортодон бир аз убакыт өткөндө бели майышып, чекеси тердеп, буттары чалыштайт. Бакыттын “көтө-
рүп кеткидей бол” дегенин эсинен чыгарган кайырчы: “Ой, мен эмне минтип азап тартышым керек”, – дейт да, капты жерге жаткызып туруп тоодон ылдый тоголотуп, буту менен тээп жөнөйт. Талаа-ташты, далай жолду басып жүрүп олтуруп, так үйүнүн алдына араң жеткенинде — байлык толо салынган кабы көздөн кайым жок болуп кетет. Көргөн көзүнө ишенбеген кайырчы бир саамга дел болуп, жүрөгү токтоп калчудай денеси чайкалып, анан чын эле ушунча байлыктан кол жууп калганын түшүнгөндө кайрадан Тагдырына наалат айтып, кыйкырып-өкүрүп ыйлай баштайт. Ошондо Бакыт кайрадан пайда болуп, кайырчыны каарый сүйлөйт:
– Ээ, кайырчым, сен бекеринен кайырчы болуп жүргөн жоксуң да… Тээ башынан эле сен эч кимге, эч нерсеге ыраазы болгон эмессиң. Сенин тагдыр жолуңда сага эмне гана буйрулуп берилген жок: үй-бүлөлүк бакытың бар эле
– анын кадырына жетпедиң; ырыскы-берекең толук эле – аны барктабадың; жылуу мамиледеги дос-жоролоруң бар эле – алардын сый-урматын тебеледиң; элге мактанчу ишиң бар эле – аны кесирледиң. Аягында жалгыз калдың да, кайырчылыкты жандап алдың. Бирок, Жараткандын мээрими чексиз, ал сенин наалыганыңды эске алып, Тагдырыңа тапшырма берди, Тагдыр мага тапшырма берди. Ал эми мен сага тапшырма бердим. Бул тапшырма – Кудайдан берилген акыркы сыноо болчу. Эми, мындан ары Жаратканга да, Тагдырга да, Бакытка да доомат кылууга акың жок!
“Ач көздүк менен аңкоолуктун коштолушу – жер бетиндеги эң коркунучтуу нерсе”.
Эд Харрис, америкалык актёр жана режиссёр.

P.S.»Жашоонун сыры кайда катылган?» китебине кызыккандар 0558728778 номерине чалып, сатып алсаңыздар болот.
Abal.kg