Саясат

“Мекеним Кыргызстан” партиясына вице-спикер Мирлан Бакиров лидер болдубу?

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын лидери ким болоору чечилди. Бул партияга ЖКнын вице-спикери Мирлан Бакиров дайындалды. Мындай маалыматты  Kaktus.media  агенттиги жазып чыкты.

Учурда Бакиров  парламентте “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлү.

Маалыматтарга караганда жакында эле алар жашыруун жолугушуу өткөрүп,  партиянын саясый кеңеши чогулган.  Ал  партияга азыркы ЖК депутаты Таабалды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов ( экөө тең  “Республика-Ата-Журт” фракциясынан) киришкен.  Андан тышкары аларга депутаттар Марлен Абдрахманов менен Каныбек Иманалиев да кошулганы маалымдалат.

Ал эми аталган медиага берген маегинде Маматалиев  “Мекеним Кыргызстан” партиясындагы ишмердүүлүгүн танган жок.

Ал эми Минюсттун маалымматы боюнча бул партияны Ильичбек Салывич Эргешов жетектейт. Ал Ош шаарынын мурунку вице-мэри.

Партиянын курамында төмөнкүлөр бар:

  1. Орумбаев Медербек Аманович.
  2. Каналиев Бактыбек Эркинович.
  3. Эгембердиев Мирусс Тагайбекович.
  4. Маткасымов Жаныш Адылбекович.
  5. Жумалиев Кубанычбек Маметович.
  6. Тажиматов Уланбек Аматович.
  7. Жолдошов Өмурбек Шарабидинович.
  8. Акимов Сардалбек Абидинович.
  9. Раев Самат Казымалыевич.
  10. Кудайбердиев Абды-Маннап Кудайбердиевич.

Партия 2015-жылы парламенттик шайлоодон кийин түптөлгөн. osoo.kg порталындагы маалыматтарда ал он  учредители бар жана алардын көпчүлүгү курулуш бизнестери менен шугулдангандар деп жазылат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button