Эки унаа кагышып, тротуардагы аялды сүзүп кетти. Жабырлануучунун абалы оор (видео)

Бүгүн Бишкектеги Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан улам жаракат алган аял Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул тууралуу Kaktus.media жазып чыкты.
Кырсык болгон учурда “Тез жардам” кызматкерлери жаракат алган аялга биринчи жардам көрсөтүшүп, абалын оор деп баалашкан. Ал колунан, бутунан, башынан, курсагынан оор жаракаттарды алган.
Бүгүн, 5-июнда саат 13:30дар чамасында Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Күбөлөрдүн айтмына караганда, “Тойота” үлгүсүндөгү унаа Токтогул көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө бурулуп жаткан учурда, Абдрахманов көчөсү менен өйдө бара жаткан “Хонда” жогорку ылдамдык менен келип сүзгөн. Андан соң, “Хонда” тротуар тарапка чыгып кеткен. Тротуарда бараткан 2 аялдын бири качууга үлгүрсө, экинчиси жетишпей калган.