Дүйнө

Россия коронавируска каршы авифавир дарысы менен бейтаптарды бекер дарылай турган болду

1-июндан тартып ооруканаларга таратыла баштай турган коронавирус инфекциясына каршы Россиянын авифавир дарысы, ОМСтин алкагында бейтапарды дарылоого бекер бериле турган болду. Бул туурасында Россиянын түз инвестияциялар фондунун (РФПИ) жетекчиси  Кирилл Дмитриев 5-июнда мамлекет башчысы Владимир  Путин менен  онлайн-жолугушуунун учурунда билдирди, деп ошол эле күнү «Известия» маалымдады.  

«Дары 11-июнда Россиянын клиникаларына түшө баштайт жана бейтаптар ОМС прогаммасынын алкагында бекер дарыланышат. Биз бул дармек менен амблуаториялык негизде дарылоого да сыноо жүргүзүп жатабыз. Адегенде жылына 700 миң курс чыгарып турабыз», — деп айтты РФПИнин жетекчиси.

Кирилл Дмитриевдин айтуусуна караганда бул дармекке суроо-талап өтө жогору, 10 мамлекет алаарын билдирип кайрылган.   

РФПИнин жетекчисинин сөзү боюнча болочокто, жылына 2 миллион  курсту чыгара турган болушат.  

Мындан тышкаары, фонд COVID-19ду аныктай турган  10 миллиондон ашык тест сатканын, анткени «бул эң мыкты тесттердин» бири экенин билдирди, анын жетекчиси.

Ошондой эле РФПИнин башчысы «Алиум» компаниясы, «Система» холдинги жана «Р-Фарм» менен биргелешип, коронавируска каршы эки вакцинаны чыгарууга инвестиция салаарын жарыялады.

1-июнда РФнын саламаттык сактоо министрлигинин фтизиопульмонология жана инфекциялык ооруларды изилдөөө Улуттук борборунун директорунун орунбасары Владимир Чуланов авифавирди сыноо учурунда анын эффективдүүлүгү 90%ке жакын болгонун жарыялаган.

Авифавир Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин каттоосунанан өтүп, япондуктардын фавипиравир дармегинин негизинде COVID-19дан дарылоого  расмий жактырылган дүйнөдөгү биринчи дары экенин 1-июнда  «Известия» билдирген. Фавипиравир жеткиликтүү иликтенген, анткени Японияда  2014-жылдан бери грипптин оору формаларын дарылоого керектелип келе жатат.  

5-июнга Россияда COVID-19дан бейтаптагандардын саны 449 834тү түзүп,  5528и каза таап, 212 680 киши сакайды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button