Коом

Коронавирустан Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы орто мектептин директору көз жумду

Бугүн Нарын шаарында коронавирустан каза тапкан бейтап тууралуу маалымат берилген. Ал  аталган шаардагы  № 2 В.П.Чкалов атындагы мектептин директору Айчүрөк Самакова экенин Reporter.kg  жазып чыкты.

Ал 5-июнда ооруканага жаткырылган. Андан коронавирусту аныктоочу тест-анализ алганда  инфекция бар экени маалым болгон. 7-июнда  Самакова оорудан каза тапкан.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Нарында каза болгон бейтап коронавирус жуктуруп алгандан кийин эки тараптуу пневмонияга чалдыкканын  бринфинг учурунда айткан.

Анын айтымында, 67 жаштагы аял COVID-19 илдетинен кийин абалы оорлоп, ооруканага 5-июнда жаткырылган:

“Бул киши да үйдө жатып алган экен. Клиникалык белгилер чыга баштаганда тийиштүү кызматтарга кайрылып, мобилдик бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылыптыр. 6-июнда Нарын облустук ооруканасынын инфекциялык госпиталына которулган. Абалы өтө курчуп, жалпы абалы начарлап, болгон мүмкүнчүлүктөр колдонулганына жана реанимациялык аракеттерге карабастан 7-июнда жүрөгү токтоп каза болуп калды. Диагноз койгондо коронавирустун эң оор түрү аныкталган. Эки тараптуу пневмония болгон, анемиясы да бар экен, кан басымы да жогорулап кеткен”.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 25 адам жаңы катталды, алардын көбү Бишкекте — 18 адам. Мындан тышкары Чүй облусунда жети адам.

Жалпысынан 18-марттан 8-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2032 адамдан табылды, алардын ичинен 23 бейтап кайтыш болду, 1445 адам айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button