Дүйнө

Рамзан Кадыров 207 колуктунун калыңына акча бөлдү

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров, COVID-19 пандемиясынын айынан  финансылык проблемалары чыгып  калган күйөө  балдарга 207 колуктунун калыңына акча бөлгүлө, деп тийиштүү мекемелерине тапшырма бергени тууралуу аймактын мусулман дини боюнча башкармалыгынан билдиришти. Күйөө балдардын үй-бүлөөлөрү никелешүү расмисине ар бири 50 миң рублдан акча ала турган болушту. Бул тууралуу 8-июнда “Коммерсантъ”  жазып чыкты.

«Республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы боюнча, баардык райондордон үйлөнүүнү каалаган, бирок  финансылык кыйынчылыкка тушуккандардын тизмеси алынган. Ахмат-Хаджы Кадыровдун аймактын фонду, түзүлгөн тизме боюнча 207 колуктунун калыңына каражат бөлдү», — деп айтылган билдирүүдө («РИА Новостиден» алынган цитата).

Чеченстанда апрелден тартып коронавируска байланыштуу исламдын канондору менен никеге турууга тыюу салынган. Тыюу 25-майдан баштап алынды, бирок үйлөнүү үлпөтүнө чек коюлду. Муфтияттан билдиргендей, колуктуну алып келүү үчүн эки гана машина бара алат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button