(Видео) Коронавируска чалдыккан бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан бөлүмдүн ичин көрсөтүштү

Видеоролик Казакстандын Акмоло облусунун товарларды жана кызмат көрсөтүүнү көзөмөлдөө аймактык департаментинин расмий Facebook баракчасына жайгаштырылган, деп билдирди NUR.KZ.
«Учурдун белгиси! Коронавирус менен күрөш — «Ишенем — ишенбейм!» оюну эмес!” – деп жазылган видеороликти коштогон жазууда. Анда акыркы убактарда өлкөдө өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу илдет менен сыркоологондор көбөйүп жатканы айтылган. Ошондой эле республикада бул тумоодон көз жумгандар көбөйүп, белгиси билинбеген бейтаптардын саны өсүп жатканы белгиленген. Реанимацияда жатышкан жасалма дем алдыруучу аппараттар коюлган бейтаптарды көрсөтүү менен, адистер Covid-19 канчалык өтө коркунучтуу натыйжаларды берээрин эскерткилери келишет. Ушуну билип туруп да сактануу эрежелерин тутунбагандарга кайрылышат. Кээ бирлери бул инфекциянын бар экенине таптакыр эле ишенишпейт, тилеке каршы мунун аягы алар үчүн өтө трагедиялуу бүтүшү мүмкүн экенин түшүнө беришпейт.
Азыркы учурда Казакстанда тумоологондордун саны 13 миң кишиден ашты. Ушунун эле алдында кечээ эле республикада дагы эки жаран каза тапканы белгилүү болду: бирөө Павлодар областында, экинчиси Нур-Султанда.
Abal.kg



