Коом

Баткендеги Айгүл-Таш коругуна барууга тыюу 2027-жылга чейин узартылды

Баткен облусундагы «Айгүл-Таш» ботаникалык коругуна барууга коюлган тыюу салуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.

Тиешелүү токтомго Баткен районунун акими Данир Иманалиев кол койгон. Документке ылайык, корукка зыяратчылардын кирүүсү 2027-жылдын 1-мартына чейин чектелет.

Буга чейин да коруктун аймагында мораторий күчүндө болгон — 2023-жылдын 1-апрелинен 2026-жылдын 1-апрелине чейин.

Чектөөнү узартуу чечими ушул аймакта гана өсүүчү сейрек кездешкен Айгүл гүлү (Fritillaria eduardii)н коргоону күчөтүү максатында кабыл алынган.

Аймакты жабуу аркылуу коргоо режими күчөтүлүп, ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгиленгендей, бардык иштер аяктагандан кийин корук туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шартта кайра ачууга даярдалат.

Тектеш кабарлар

Back to top button