Казакстан Евразия интеграциясына тоскоолдук жаратууда

Казакстан тараптын Кыргызстандан мыйзамсыз товарлар кирип жаткандыгы тууралуу билдирүүсү шек жаратаарын жана буга далилдер керек экендигин КР Экономика министрлиги билдирди.
Ушул жылдын 12-февралында эки өлкөнүн Салык кызматынын өкүлдөрү жолугушканда Кыргызстан тараптан кирген жүктөрдүн 90 пайызынын документтери туура эместигин казак тарап айткан. Кыргыз тараптын өкүлдөрү бул факты боюнча далилдерди келтирүүнү талап кылышканда, казак тараптан бир дагы далил ушу кезге чейин берилген эмес.
Кыргызстан да Казакстан тараптан соода эрежелерин бузулган учурларды белгилеп, казакстандык фиктивдүү ишкерлерин тизмеге алып келет. Бүгүнкү күндө 2000 жалган-ишкерлер издөөдө жүрүшкөндүгү белгилүү.
Буга карабастан Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарлардын импорттолуп кирүүсүндө салыктардын толук төлөнүшүн камсыздап келе жатат. Көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарында ЕАЭБдин келишимдеринде каралган товарлардын эркин жүгүртүлүүсүн толук сактап, Евразия интеграциясына салым кошууда.
Мындан тышкары казак-кыргыз чек арасынан Кыргызстанга кирген айдоочулар Казакстандын көзөмөлдөөчү органдары тарабынан “жок тартип бузуулар” үчүн протокол толтурушуп, айып төлөтүп жатышкандыгын да айтып жатышат.
Abal.kg



