Пайдалуу кеңештер
Кан басымы жогору адамдарга өтө керектүү азыктар

Жогорку кан басым — тамашаны сүйбөгөн дарт. Ошондуктан жогорку кан басым менен жабыркаган адамдар өзүн карап, катуу ачууланбай, санааркабай жана жеген-ичкенин көзөмөлдөп жүргөнү жакшы. А төмөнкү азыктар кан басымды бир калыпта кармоого жардам берет.
- Майсыздандырылган быштак жүрөктү бекемдейт, кан тамырларды кеңейтет. Күн сайын 100 граммдан аз эмес быштак жеп жүрүү керек.
- Кызыл болгар калемпири С витамининин рекорддук санын алып жүрөт. Кан басымы жогорулар аны каалаган учурда жей берсе болот.
- Лосось — Омега 3түн булагы жана жогорку кан басымды түшүрүүгө эң сонун жардам берет. Аны жумасына 3 жолу 100-150 граммдан жеп туруш керек.
- Сулу боткосу менен ар бир күн башталышы кажет. Сулу — селен булагы, анда була (клечатка) көп.
- Ашкабак данеги цинк жетишсиздигин толуктайт жана инфаркттын алдын алат. Күнүнө 20 граммдан жеп туруу жетиштүү.



