Окуялар

“Дордой” базарынан Кытай жаранын тоноп, 300 миң долларын алып кетишти

Бишкектин «Дордой» базарынан алыс эмес жерде соода сатык менен алектенген кытай жаранын тоноп кетишти.

Кол салган бейтааныш адамдар – кытай жаранынын 300 миң доллар акчасын тоноп, изин жашырган. Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кытайлык ишкер автоунаада кетип жатканда астынан чыгып, кагылышкан башка унаадан бети чүмбөттөлгөн бейтааныш адамдар чыгып, кытай жараны отурган унаанын эшигин ачып, ишкердин 300 миң доллар акчасын тоноп, качып кетишкен.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button