Коом

Аламүдүн РЭТинин башкы инженери ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 345 (Пара берүү) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү системасында катталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. 

2023-жылдын 31-январында атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 350 000 сом акча каражатын которуп жаткан учурда Аламүдүн РЭТинин  башкы инженери Т.М.З. кармалды.

Тактап айтканда кармалган  Т.М.З. Аламүдүн райондук электр тармактарынын башчысы кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button