Окуялар

Батукаевдин иши: экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева аны эмне үчүн каматкан атышканын айтты

Эсиңерге сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

Айыптоочу тараптын өкүлдөрү экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жылга түрмөгө кесүүнү суранып жатышат. Прокурор Индира Жолдубаеваны сот залынан эле камакка алууну  өтүнүүдө.

«Шамиль Атахановдун (мурдагы вице-премьер-министр) кеңешчиси Бекенов, экинчиси Нарын райондор аралык сотунун мурдагы соту Жапар Эрматов мага каршы көрсөтмө беришкен. Бекенов айтат: мен ага кандайдыр бир себептер менен жардам бергенден баш тарктан имишмин. Эрматов болсо, чечимди тийиштүү органдар берген материалдардын негизинде чыгаргам дейт. Чечим мыйзамдуу болгон деп жатат. Ушундай шартта мамлекеттик айыптоо мени 15 жылга эркимден ажыраткан жатат. Мен буга кандай комментарий беришти да билбеймин», — деп айтты Индира Жолдубаева журналисттерге.

Бул кылмыш иши боюнча 19 киши сурак берип жатат. Алар кримтөбөлгө диагноз койгон врачтар жана лаборант, ГСИНдин өкүлдөрү, ошондой эле чоң-чоң кызаматтарды ээлеп турушкан чиновниктер, анын ичинде мамлекеттин мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаев да бар.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button