Дүйнө

Окумуштуулар коронавирусту 25 секундда жок кылуунун шартын айтышты

Атайын лампалардан (чырактардан) чыккан ультрафиолет нуру вирус SARS-CoV-2ни эффективдү жансыз кылат. Муну Бостон университетинин жугуштуу оорулардын Улуттук  лабораториясынын (NIEDL), жарык берүү жаатындагы лидерлердин бири Signify компаниясы менен бирдиктө өткөргөн иликтөөлөрү бышыктады, деп жазды 26-июнда “Российская газета”.

Доктор Энтони Гриффитстин жетекчиилиги менен иликтөөчүлөрдүн тобу эксперимент өткөрүшкөн: алар  вирус жуктурулган материалды Signify лампаларынан чыккан ультрафиолет нурларынынар кайсы дозасына какташкан жана вирустун  канчалык тез жансыз болоорун текшеришкен.

5 мДж/см2 дозасында SARS-CoV-2 вирусунун жайылышы 6 секундда  99 процентке төмөндөгөн. 22 мДж/см2 дозасы менен кактаганда вирус 25 секунддун ичинде толук жок болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button