Маданият
Манасчы кыз Ширин Сарыгулова көкбөрү менен Американын киносуна тартылды (видео)

Америкалык документалисттер дүйнөнүн 196 өлкөсүнүн спорт оюндары туурасында фильм тартышкан. Ал фильмге кыргыздын көкбөрүсү менен манасчы кыз Ширин Сарыгулова кирген. Америкалыктар Ширинди интернеттен өздөрү табышкан. Манасчы кыз Көкөтөйдүн ашын айтып, көкбөрүнүн кыргыздын улуттук оюну экенине да комментарий берген.
Фильм ушул кезде монтаждалып бүтүп калды. Америкалык документалисттер Ширин Сарыгуловага үзүндүлөрүн салып ийишкен.



