Коом

Ак-Ордо конушунда автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады

Ак-Ордо конушунда № 10 автобус жеңил унаа менен сүзүшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен 23:30дар чамасында И.Ахунбаев менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда батыштан чыгышты көздөй базага кайтып жаткан автобусту Каркыра көчөсүнөн чыга калган «Хонда-Фит» унаасы сүзүп алган.

Бактыга жараша автобуста жүргүнчүлөр болгон эмес.

Ал эми жеңил унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button