(Видео) Улуттук госпиталдын кире беришинде эки бейтап каза тапты. Буга чейин видеосу тараган

Кечээтен бери медик унаада кишинин жүрөгүнө массаж жасап, бул маалда клиниканын оозунан дагы бир бейтап кулап түшкөн видео интернетте тарап жатат. Бул бейтаптар каза тапканы белгилүү болду.
Кечээ, 29-июнда, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө келген эки бейтап, оорукананын кире беришинде көз жумду. Бул тууралуу 30-июнда Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган медициналык жайдан билдиришкен.
Буга чейин интернетте коргоочу кийим кийген медик унаада кишинин жүрөгүнө массаж жасап, бул маалда клиниканын оозунан дагы бир бейтап кулап түшкөнү сүрөттөлгөн видео тараган. Ушул эле оорукананын урология бөлүмүндө пневмония менен кайрылгандар үчүн койка даярдалганы саламаттык сактоо министрлиги тарабынан айтылган.
Дарыгерлердин айтымында, бейтаптар өтө оор абалда келген, алардын жада калса аты-жөнүн сурап, алгачкы текшерүүдөн өткөргөнгө дагы жетишишкен эмес. Окуя кечээ саат 15:00дөн кийин болгон.
«Ак халатчандар көчөдө реанимациялык иш-аракеттерди жасаганга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес. Алар каза болуп калышкан. Биздин билгенибиз боюнча алар эки башка унаа менен келишкен», — деп билдирди ооруканадан.
Андан кийин дарыгерлер милиция чакырып, тез жардам унаасы каза болгондорду өлүкканага алып кеткен.


