Жабыла көтөргөн жүк жеӊил болот: Култаева 180 миӊ сомдук медициналык жабдыктарга буйрутма берди

Ош шаардык кеӊешинин депутаты Гулшархан Култаева COVID-19 пандемиясынын кесепетин жоуга өздүк салымын кошуп, Түркияга 180 000 сомдук медициналык жабдыктар, керектүү дары-дармектерге заказ кылды. Бул тууралуу активист Айкөкүл Асылбекова Фейсбуктагы баракчасына жазып жарыялады.

“Депутат Гулшархан Култаева өзүнүн атынан салым катары керектүү жабдыктарды сатып алууга салым кошом деп убада берген болчу. Учурда 180 миӊ сомдук медициналык жабдыктар — 2 кислород концентраторун, 20 небулайзер, 20 пульсоксиметрге заказ кылды. Жакынкы күндөрү келип, илдеттин кесепетин жоюга колдонулат”-дейт ал.
Илдеттин кесепетин жоюга салым кошкон инсандардын катары көбөйдү. Бир катар ишкерлер колунда бар мүмкүнчүлүктөрүн салып, элдин саламаттыгы үчүн биригип жатышат.





