Пайдалуу кеңештер

Сатурация деген эмне?

Азыр коронавирус илдети күч алып,  көпчүлүк пневмониядан жабыркап жатканда дарыгерлер анын сатурациясын текшеришет.  Сатурация деген эмне экенин коомчулук билип алышы шарт.

Сатурация (Каныктыруу) — суюктукту газдар менен каныктыруу. Адатта, гемоглобиндин кычкылтек менен каныгышы 96-98%ды түзөт. Коронавирус дем алуу системасын жабыркатканда, кандагы газ алмашуу жана кандагы көмүр кычкыл газынын жана кычкылтектин балансы бузула баштайт.

Мындай абалдын пайда болуу коркунучун алгачкы этаптарда аныктоого — пульсоксиметр мүмкүндүк берет.

Светодиоддору бар сенсор манжанын үстүнө басат. Жарык кан жана жумшак ткандар аркылуу өткөндө, анын жарым-жартылай сиңиши пайда болот, бул кандагы кычкылтекти аныктоого мүмкүндүк берет.

Алынган маалыматтар түзмөктүн дисплейинде сандар түрүндө көрсөтүлөт. Эгер каныккандык 94-95% дан төмөн болсо, доктурга кайрылуу зарыл.

Булак: Кабар

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button