Сибирдик окумуштуулар коронавирусту 40 секундда жок кылуунун уникалдуу методун табышты

Новосибирск мамлекеттик университетинин окумуштуулары вирустук патогендерди жок кылуунун уникалдуу методун табышты. Алар COVID-19га фотодинамикалык терапиянын методу менен таасир этүүнү үйрөнүштү.
Врачтар, мындай терапияны Россия Федерациясында шишиктин (рактын) кээ бир формаларын дарылоо үчүн пайдаланылат дешет.
Сибирдик окумуштуулар биринчи жолу коронавирусту инактивация (жок кылуу) жасоо үчүн атамекендик фотосенсибилизаторлордун жардамы менен ФДТ лазердик методун иликтешти.
«Бул иликтөөдөн алган канааттануубуз — лазердик энергиянын аз кубаттулугун жана дарылоочу фотосенсибилизаторлодун аябагандай аз санын пайдалануу менен вирусту 40 секундда жок кылууга болооруна байланышкан. Иликтөө фотодинамикалык метод менен SARS-CoV-2 вирустук суспензиясын инактивация (жок кылуу) жасоо гана эмес, SARS-CoV-2 вирусунан жабыркаган клеткаларды ФДТнын жардамы менен айыктырууга болоорун да далилдей алды», – деп белгилейт НМУнун пресс-кызматы, 20-июлда.
Мындан тышкаары, «Вектор» НПОсунун окумуштуу-вирусологдору шишикке каршы фотодинамикалык терапияда колдонулуп келе жаткан атамекендик «Радахлорин» дармегинин вируска да каршы жаңы касиеттерин ачышты. Окумуштуулар дүйнөгө кеңири белгилүү болгон боегуч — көгүш метилен коронавируска каршы эффективдүү каражат экенин да далилдей алышты.
«Рамблердин» материалдарынын негизинде даярдалды.



