Саясат

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев кызматынан кетти

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев кызматын таштап кетип жатат. Ал Ысык-Көл областын жетектей турган болду. Бул туурасында өз маалыматтоочуларына таянып 24.kg маалымат агенттиги билдирди.

Б. Түлөбаев аталган аймакка жөнөп кетти. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда эртең ал областтагы өкүлчүлүктүн аппаратына тааныштырылат.

Балбак Түлөбаев редакцияга комментарийди кийинчерээк берейин деп убада кылган, ошол эле учурда жаңы кызматка дайындалганын төгүндөгөн эмес.

Ал эми Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн пресс-кызматы жаңы губернатордун кызматка дайындалгандыгы аларга белгисиз экенин белгилеген.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button