Коронавирус. Акыркы суткада 483 адамдан коронавирус аныкталып, 24 бейтап каза тапты

Акыркы суткада Кыргызстан боюнча коронавирустан 817 киши айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бир суткада коронавирустан сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда.
Ал эми ошол эле учурда өлкө аймагынан дагы 483 адамдан коронавирус аныкталды.
Аймактар боюнча:
Бишкекте — 154,
Ошто – 59,
Чүй облусунда – 21,
Ош облусунда — 39,
Талас облусунда – 27,
Нарын облусунда – 9,
Ысык-Көл облусунда – 72,
Жалал-Абад облусунда – 70,
Баткен облусу — 32
Булардын ичинен 22си медицина кызматкерлери.
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны 33 296 болду.
Жалпы Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус жуктурган 24 адам каза болду.
Бишкек – 6;
Ош шаары — 1;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Талас облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу – 1.
Ушуну менен марттан бери коронавирус жуктуруп каза тапкандардын саны 1 301ге жетти.



