Коом

УКМК: Курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды

2022-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мыйзамсыз колдонуудан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды алуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды.
Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Нарын облусунун ИИБнын жана КР УКМКнын чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы, Орто-Токой суу сактагычынын жанынан белгисиз адамдар тарабынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылган.
Аталган жайдан:
-2 кырдуу жылмакай курал;
-1 жылмакай аңчылык куралы;
-1 майда калибрлүү мылтык,
-1 “Сайга-410” карабини;
-59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.

Белгилей кетсек, табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн
Азыркы учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button