Дүйнө

Белоруссияда президентти кайра шайлоонун жаңы датасын аташты

Митингге чыккандардын пикири боюнча, Белоруссиянын президентин кайра жаңыдан шайлоо 15-сентябрга чейин өтүш керек.

Президентикке талапкер, камакта жаткан Виктор Бабариконун штабынын билдирүүсү боюнча, белорусь оппозициясы өлкөдө 15-сентябрга чейин президентти шайлоону өткөрмөк болду, деп жазды ТАСС, 14-августта.
«Бүт альтернативдүү кандидаттардын катышуусу аркылуу, эларалык уюмдардын байкоочулугу алдында, жаңы шайлоо комиссиялары, жаңы Боршайком, видеобайкоо, добуштарды ачык саноо менен 15-сентябрга чейин президенттик шайлоо өткөрүү жарыялансын», — деп айтылат билдирүүдө.
Бабариконун үзөңгүлөштөрү белорусь бийлигин, саясий туткундардын баарын токтоосуз эркиндикке чыгарууга жана күч органдарынын тынч демонстрацияга чогулган жарандарга каршы зомбулук көрсөтүүсүн токтотууга чакырды. Акыркы эки күн катары менен иш таштап жатышкан ишкана, мекеме, уюмдардын жумушчуларды да дал ушундай эле талапты коюп жатышат.  

«Экспресс газетанын» материалдарынын негизинде даярдалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button