Кыска кийген кызды шылдыңдаган блогерди коомчулук «мырк» деп аташты

“Тамашаоучу”, tut.beka каймана аты менен таанымал Бектур аттуу Instagram-блогер кыска юбка кийген кыздарды денесин саткан кыздарга салыштырган видеосун жарыялап, коомчулуктун талкуусунда калды.
Видеодо блогер аялдамада кыска юбка кийип турган кызга барып “Чоң кыз, саатына канча?” деп сурайт. Видео аз убакыттын ичинде 170 миңден ашуун көрүү болуп, ал видеонун алдына кыздар:
“Кыска кийинген кыздардын баары эле денесин сатпайт”, “бул бардык кыздарды шылдыңдоо”, “кечирим сурасын” деген сыяктуу комментарийлер жазылып, блогерди сындай баштаган. Алардын арасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да бар. Ал бул окуяга ММКлар көңүл кош мамиле кылбай чагылдыруу керек экендигин, роликте айымдарды шылдыңдоо, зомбулук жана дискриминация пропаганда болуп жатканын жазып, блогерди “мырк” деп атады. Ага кошумчалай интернет желесинин колдонуучулары бул блогерди “мырк” деген атка кондурушту.
Ал эми өз блогер бул окуя тууралуу төмөнкүдөй комментарий берди:
“Мен бул видео менен бардык кыздарды жаман дебейм, сөз ээсин таап алат. Мен “чек, ич, жылаңач жүр” деп айткан жерим жок, болгону, видеодо кыска кийинсе ошондой деп ойлоптурмун, кечиресиз”дегем.
Комментарийге жазып, бул теманы көтөрүп жаткан кыздар эмне себептен жаман сөздөрдү жазып жатасыңар билбейм, бирок, бул видео “именно” өзүнүн намысын болбогон акчага сатып жаткан кыздарга арналат”,-деп жооп узатты.
Бул видеону көргөндөрдүн көпчүлүгү блогерге карата жагымсыз пикирлерди калтырууда.



