Коом
Мугалимдерге 3400 ноутбук 20-январдан тарта берилет

Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Учурда алар Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин алдындагы Технопаркта чогултулуп жатат. Ал жерде эки күндө 300дөй ноутбук чогултулуп, сыноого коюлгандыгы айтылды. Даяр болгондоруна мугалимдердин ишине керектүү тиркемелер орнотулмакчы.



