Коом
Коронавирус. 179 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду

Өткөн суткада Кыргызстанда 312 бейтап коронавирустан айыгып чыкса, 179 киши вирусту жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Ал эми жаңы жуктуруп алгандар аймактар боюнча:
- Бишкек — 39;
- Ош – 8;
- Чүй облусу – 17;
- Ош облусу — 24;
- Талас облусу – 1;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 39;
- Жалал-Абад облусу – 26;
- Баткен облусу — 22.
Республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 35 197 киши болду. Жуктургандар жалпысынан 42 325ке жетти.
Өлкөдө соңку суткада коронавирус инфекциясынан Баткен облусунан бир бейтап каза болду.



