Дүйнө

Чукчалар эмне үчүн аялдарын алмашышат. Себеби

Түндүк уюлдун катаал шартын байырлаган адамдар өтө көп болбойт. Алардын арасынан турмушка чыга элек, же үйлөнбөгөн бойдокторун табыш да кыйын. Андыктан жүрөгүң каалаганды табам деп убара болбой эле койгон оң. Демек жаш курагы туура келе турган уланды же бийкечтин табылышы – өтө баалуу табылга болуп саналат.

Ошон үчүн Четки Түндүктүн тургундары аялдарын алмашуу аркылуу тууган ичинде никеге турушкан. Андан тышкаары, кокус күйөө бала болочок кайнатасына иштеп берсе, аны келечектеги аялынын үй-бүлөөсү бала катары асырап алышкан.

Колукту алмашуу

Баарынан кызыгы, аял алмашуу кыз ала качкан учурларда да болгон. Ачуусу келген кыздын туугандары, жүзү кара “кыз уурунун”  (ала качкандын) ким экенин билгенден кийин, ала качылган  бийкечтин ордуна, барымта катары тигинин –эже-карындаштарынын бирөөн талап этишкен. Аларды да түшүнсө болот: жумушчу кол дайыма керек, андыктан жардамчысынан ажыроо, ансыз да катаал турмуш-тиричиликти ого бетер начарлатышы мүмкүн болгондуктан, «чийден чыккан кыздын» ордуна тигилердин кызын алуу сөзсүз керек болгон.

Ал түгүл, куда түшүп келген жигитине кыздын  ата-энеси макул болбой койгон учурларда, колукту мүнөзү катаал үй-бүлөөсүнөн өз эрки менен арзыганына качып кеткенде дагы, баары бир анын ордуна бирөөнү талап этишкен. Бирок, адатта адамдар балдары кичинесинде эле бири-бири менен куда болушуп, алар чоңойгондо үйлөнтөбүз деп макулдашышкан. Мисалы, үй-бүлөө өз кызын коңшу малчыга бүлөө кылып берсе, кайра анын ордуна ошолордун эле кызын уулуна колукту кылып алышкан.  

Аял жана бугулар

Колуктусунун туугандарына кымбат баалуу белек-бечкектерди берип, көңүлүн алууга мүмкүнчүлүгү жок кедей чукча, адатта, болочок кайнатасына анын кызынын колун суроого татыктуу экенин далилдөө үчүн “башы менен башмалдак атып” кызмат кылып, “оту менен кирип, күлү менен чыккан”. Мындай кызмат өтөө, кээде далай жылдарга чейин созулуп кеткен — баары болочокто ага кайын-журт боло турган тарапка байланыштуу болгон. Адатта, үйлөнүү тоюунан кийин жаш күйөө келинчегин үйүнө алып кеткен, ага кайын-журту кылган кызматы үчүн бугуларды кошуп беришкен. Эгерде кызматчы эч жакка кеткиси келбесе, анда аны болочок кайнатасы уул катары асырап алган. Андай  учурда ал эч кандай кызмат  этип убара болбой эле, көңүлүнө ким жакса ошого үйлөнгөн.

Чукчалар, негизинен, бирден ашык аял алышпайт. Бирок, илгерки мезгилде, бугусу көп байлары, турмуш-тиричилик  практикасынан келип чыгышып, ар кимиси чарбадагы милдетин аткарып, бугулардын бирден оторун карап, кызматкерлерди башкарсын деп, эки же андан ашык аял алышкан. Андайда биринчи аялы (байбичеси) мал-жандын ээси, ал эми кичүү аялы (токолу) анын жардамчысы деп эсептелген.

Жолдоштордуку баары орток, же топ никелүүлүк

Башта, чукчалардын арасында топ никелүүлүк (групповой брак) салты аябай кеңири тараган: бир нече туугандар же достор швед үй-бүлөсүндөй форманы карманышкан. Андай эркектерди элдин ичинде «аял тарабынан достор» деп аташчу. Алар, аялдарын бири-бири менен алмашышып, төшөгүн дароо бошотуп беришкен. Бул салт да Четки Түндүктөгү жашоо-турмуштун оордугунан улам чыгышы мүмкүн. Анткени, тундрада көчүп-конуп жүргөн бугучу, баш калкаар жерди, үй-бүлөөнүн жылуулугун коңшу туракта жашаган аял тарабынан досунукунан табышы мүмкүн.

Топ нике адамдарды бири-бирине өтө тыгыз чырмап койгон. Анткени,топ никеден төрөлгөн балдар жалпы баарына тийиштүү деп эсептелген. Алардын ар бири мындай чоң үй-бүлөөсүнүн баардык мүчөлөрү тарабынан колдоо алган жана көңүл буруусуна ээ болушкан.  

Албетте, кедей чукчалар, мындай мамилени бай бир туугандары, же бай кошуналары менен түзүүгө умтулушкан. Ошону менен бирге, топ нике, айрыкча баласыз үй-бүлөөлөрдү сактаган: анткени, аял тарабынан достордун бирөөнүн тукумсуздугун экинчи досу компенсация кылган. А баланын төрөлүшү, анын атасынын ким экенине карабастан, чукчалар тарабынан дайыма өтө кубанычтуу окуя катары кабыл алынган.  

Бир тууганынын жесири

Өтө тажырыйбалуу бугучулар да, тундрада аяздан, ачкадан, кээде жырткычтардын кол салуусунан бат-баттан каза табышат. Мындай катаал шартта, анча чоң эмес жаракат, же болбосо кокустук өлүмгө алып келиши мүмкүн. Андай учурда жөжүрөгөн топ балдары бар аял жесир калат.

Эгерде, чукчаларда, бир тууганы каза тапса, анын аялына иниси милдеттү түрдө үйлөнүп, балдарын асырап алуу салты (левират) кеңири тарабаганда, жесир аял багаар-көрөөрү жок калмак. Мындай милдетти, биринчи кезекте маркумдун иниси моюнуна алган. Маркумдун агасы андай жүктөн кутулган. Кокус маркумдун бир туугандары жок болсо, анда жесирге жээни, же бөлөсү үйлөнгөн.

Левират салты Азиянын, Четки Түндүктүн жана  Америка эскимосторунун арасында өтө кеңири таралган көрүнүш. Ал, багуусуз калган жесир менен анын балдарына жөлөк-таяк болуп, аларды каржылык жактан камсыздоон зарылчылыгынан улам келип чыккан.   

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button