Окумуштуулар коронавирусту вакцинасыз эле жеңе турган «талуу жерин» табышты

Чикаго университетинин алдындагы Притцкер атындагы молекулярдык инженерия мектебинин окумуштуулары, коронавирусту жеңүүдө вакцинасыз эле ийгиликке жетишсе болот деген тыянакка келишти. Бул тууралуу Science Advances басылмасы маалымдады, деп жуманын аягында Росбалт маалымат порталы билдирген.
Профессор Хуан де Паблонун жетекчилиги алдындагы америкалык эксперттер, жабырланган клеткада коронавирустун көбөйүшүн камсыздай турган өзгөчө ферментке, колдо бар дармектер аркылуу эле таасир этсе боло турганынын таап чыгышкан.

Кеп, SARS-CoVдон жаңы коронавирусту айырмалай турган Mpro протеазы (фермент) жөнүндө жүрүп жатат, деп билдирет Science Advances басылмасы.
Бул проротеазга сезгенүүгө (противовоспалительный) каршы жана антиоксиданттык маңызы бар эбселен аттуу дары молекуласы өтө эффективдүү таасир эте алат. Башкача айтканда, бул дары вирустун ферментинин активдүүлүгүн басып таштайт. Натыйжада вирустун клеткада көбөйүшүнө жол бербейт.
Эбселен сезгенүүгө, атеросклерозго каршы, нейропротективдүү, антиоксиданттуу жана клетканы коргой турган дары болуп саналат. Ал инсульт менен күрөшүүчү, кулак кереңдей баштаганды токтотуучу, кулактагы доошту жоготуучу, жүрөк-кантамыр ооруларын, артрит жана атеросклерозду дарылоочу дармек катары иштелип чыккан.
Окумуштуулар бул ачылыш, коронавируска каршы күрөшүүнү, кандайдыр бир “сыйкырдуу” вакцинага гана байланыштырган пессимистик көз карашты өзгөртүүгө таасир берээрине ишенишет.



