Коом

«Бишкек жашыл курулуш» ишканасы жумушка чакырат

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы кызматкерлерди туруктуу жана сезондук жумуштарга чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкана ошондой эле бир катар багыттар боюнча кадрдык резервди түзүүдө.

Бош орундар:
— көрктөндүрүү кызматкерлери — 241 адам;
— айдоочулар — 34 адам;
— бригадир — 1 адам.

Кадрлардын резервине төмөнкү кызматтарга кабыл алуу жүргүзүлөт:
— жашылдандыруучулар;
— парктын жетекчилери.

Арыз берүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— паспорттун көчүрмөсү;
— медициналык маалымкат (форма 086);
— айдоочуларга — 0,83 формасындагы медициналык маалымкат;
— эмгек китепчеси;
— аскердик билет (эгерде бар болсо);
— өздүк эсепке алуу баракчасы;
— 1 сүрөт (3х4 форматында).

Толук маалымат алуу үчүн Бишкек ш., Ташкент көчөсү, 17., же 37-53-32 телефон номери аркылуу кайрылсаңыздар  болот. Иш убактысы 08:00дөн 16:00гө чейин.

Тектеш кабарлар

Back to top button