Жаңы ачылыш: Киши кантип маймылдан адамга айланып, а маймыл маймыл бойдон калды
Маймылдар менен адамдардын түпкү ата-бабасы бирдей жашоо образын баштарынан кечиришкен. Анда эмне үчүн адам өнүгүп кетип, маймыл банан аңдыгын бойдон калып калды? Бул тууралуу Puls.mai.ru жазып чыкты.
Америкалык окумуштуулар адамдын өсүп кетүүсүнө түрткү болгон импульсту табууну максат кылышкан. Көрсө, баарына “күнөөлүү” адамдын спецификалык зат алмашуусу (метаболизм) экен – биз андан бир эле убакта толот экенбиз жана акылыбызга акыл кошот экенбиз.

АКШнын приматтарды (адам, маймыл жана башка кыр аркалуу жаныбарлар-ред.) изилдөө жана коргоо Борборунун окумуштуулары эволюциянын сырын ачышып, эмне үчүн адам маймылдан акылдуу болуп калганын айтып беришти. Баарынан кызыгы, горилла менен алгачкы адамдар бирдей жашоо образын баштарынан өткөрүшкөн. Алардын ар бири күнүнө 10 саат убактысын тамак издөөгө жана тамактанууга жумшашкан. Бирок, ошол эле учурда адамдын мээси чоңоюп, өсүп, а маймылдыкы ошол эле бойдон бир калыпта калып калган.

Маселенин баары – зат алмашууда (метаболизмде), деген ишенимде окумуштуулар. Адамдардын тамактан максимум энергия алып, аны май катмарларына айлантып организимнде сактап калуугө жөндөмдүүлүгү, биздин түпкү ата-бабабыздын өтө чоң, ири мээге ээ болушун шарттаган. Ушул өзгөчөлүгү, адамды биринчи эмгек куралдарын жаратууга жана эволюциялык кыймылды андан ары алдыга жылдырып жибергенге жардам берген.
А андан ары болсо, ушул артыкчылыгынын эсебинен, адам баласы абстрактуу ой жүгүртүүсүн өстүрүп, башка кишилер менен баарлашканды, анан чогулуп тамак тапканды, үй-жай курганды үйрөнгөн.

А маймыл банан кучактаган боюнча кала берген.

Бирок, акылдуулугунун кесепети адамдын семирип кетишине жана кант диабетине чалдыгуусуна алып келген. Маймылдарда андай маселе жок.



