Коом

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов Чаткал РИИБне барды

2024-жылдын 17-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов облус борборунан 370 чакырым аралыкта жайгашкан Чаткал районунун Каныш-Кыя айылына барып, Чаткал РИИБдин өздүк курамы менен жолугушту.

Алгач жергиликтүү милициянын иштөө шарттары жана райондогу укук коргоо жаатында жаралган маселелер менен таанышты.
Ошону менен катар өздүк курам менен саптык кароо өткөрүлүп, Марлис Асанов ар бир кызматкердин кызматка болгон даярдыктарын текшерип чыгып, аныкталган кемчиликтер боюнча бир катар эскертүүлөрдү берди.

Чаткал милициясынын кызматкерлерине министрликтин жана ОИИБдин койгон талаптарын так аткарууга чакырып, элдин милицияга болгон ишеничин арттырууда талыкпай эмгектенип, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бекем сактоо зарылчылыгын баса белгиледи.

Милициянын полковниги Марлис Асанов элет жеринде элдин коопсуздугун камсыздап, өз милдеттерин аткарып жаткан Чаткал милициясынын кызматкерлеринин иштерине ийгиликтерди каалап өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button