Дүйнө

Америкалык миллиардер акыркы долларына чейин таратып берип, өзү кедей болуп калды. Ага кейибейт, кайра кубанат

Чак Фини өмүрүн акырында карапайым кишилердей эле кедей болуп калды, бирок ага кейибейт, кайра кубанат.  

89 жаштагы америкалык бизнесмен Чак Фини $8 миллиардга чейин жеткен байлыгы менен толук кош айтышты. 16-сентябрда анын Atlantic Philanthropy фонду акыркы каражатын коротуп бүтүп, салтанаттуу түрдө жабылды. Мурдагы миллиардер бүт акчасын өз ыктыяры менен соопчулук үчүн таратып берген, дүйнөдөгү жападан жалгыз өтө бай адам катары тарыхка кирди. Кары ишкерден өз учурунда азыркы миллирдерлердин эң алдыңкы сабында турушкан Уоррен Баффетт менен Билл Гейтс үлгү алышкан. Азыр Чак Фининин байлыгынан эч нерсе калган жок. Ошентсе дагы ал өзүн өтө бактылуумун деп эсептейт, деп жазды  19-сентябрда «Известия».

Чарльз (Чак) Фининин жашоосу — өткөн кылымдын ичинде көптөгөн адамдардын колунан келе турган «америкалык кыялдануунун» ишке ашышынын классикалык үлгүсү болуп саналат. Ирландиялык жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулуп-өскөн бала, аз болсо да акча табыш үчүн кар күрөп, жаңы жылдык открыткаларды саткан. Андан көп өтпөй эле Чак Фини өз уруусунун ичинде биринчи жолу жогорку билимге ээ болот (Нью-Йорк штаты, Корнелл университети).

Адатта, жогорку окуу жайында окуу зарыл болгон билимди гана бербестен, болочоктогу ишкердикке пайдасы тие турган керектүү байланыштардын түзүлүшүнө, кеңейишине алып келет эмеспи. Анын сыңарындай, Финиде да так ошондой болот: университетте ал Роберт Миллер менен танышат. Экөө чогуу 1960-жылы Duty Free Shoppers компаниясын негиздешкен. Компания 1960-жылдары массалык түрдө Чыгыш Азияга барып, кайра кайтышкан америкалык аскер адамдарын тейлөөгө багыт алат. Ал учурда аскер адамдарынын кирешелери биртоп көбөйгөндүктөн, аларга түздөн-түз АКШнын аэропортторунан эле товар сатып алуу ыңгайлуу болгон. 1962-жылы Гонолулу аэропортунда Америкада биринчи жолу  биринчи дьюти-фри дүкөнү ачылган. Кийинчерээк, азиялык мамлекеттердин жашоо-турмушунун өсүп-өнүгүшүнө жараша  DFS дагы өйдө көтөрүлүп — бүтүндөй Түндүк Американын, Европанын жана Азиянын аэропортторунда өз дүкөндөрүн ачкан. Ушинтип Фини, Миллер жана алардын өнөктөштөрү миллиардерлердин классына зуулдаган бойдон кирип барышкан.  

Акчаны айланта билүүгө жана ишкердикке жөндөмү өтө чоң экенине карабастан, биринчи эле күндөн тартып, Фини көп миллиарддуу байлыгына кыжаалаттана баштаган.

Ал негизинен, “жыйнаган байлыгыңды пайдалануунун эң мыкты жолу, аны коомго жардам берүүгө жумшоо”, деген «болот королу» Эндрю Карнегинин китебинин постулаттарына шыктанган. Ушул максатта  Чак Фини 1982-жылы, 51 жашында биринчи жолу Атлантикалык соопчулук фондун (Atlantic Philanthropy) негиздеген. Андан соң кийинки бир нече он жылдыктардын ичинде бизнесмен ушул сыяктуу бир нече соопчулук фонддорун ишке киргизген. Америка үчүн соопчулук – көнүмүш көрүнүш. Бирок, көпчүлүк учурда, байлар соопчулук фонддорун коомчулуктун көз алдында өздөрүнүн атын жакшы жагынан чыгаруу үчүн түзүшөт.

Бирок, Фини негиздеген фонд аныкындай жүздөгөн мекемелерден кескин айырмаланып турган. Фининин уюму жүргүзгөн баардык соопчулук программалары анонимдүү болгон. Буга миллиардердин жөнөкөйлүгүнөн тышкаары да анын ачыкка чыккысы келбегени – жылдыз болуунун, атактуу болуунун ордуна тынч жеке жашоону артык көргөнү да чечүүчү роль ойногон. Атлантикалык фондду түзгөндөн 15 жыл өткөн соң гана, анын жоомарт негиздөөчүсү тууралуу маалымат тараган. Анткени, ошол учурда ал өз компаниясын француздук LVMHга саткан.

Ал өзүнүн «социалдык инвестицияларын» активдүү башкарып, фонду жардам берип жаткан аймактарды кыдырып, жергиликтүү эл жана элитанын өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын муктаждыктары туурасында көбүрөөк билгиси келген.

Фининин максаты бааланбай жүргөн аймактарды өнүктүрүүгө жардам берүү эле. Мисалы, өз ата-бабасы жашап өткөн Ирландиядагы Лимерик графтыгы,  вьетнамдын Данангы, австралиялык Квинсленд жана Түштүк Африкадагы Батыш Кап. Сөз келгенде айта кетчү нерсе, ушул территориялардын көпчүлүгү акыркы он жылдыкта чыны менен эле кайра жаралуу доорун баштарынан өткөрүп жатышат.

Финини башка филантроптордон (соопкерлерден) айырмалаган дагы бир принцип: Giving while living — «Түрүүңдө баарын берип кал» девизи. Көптөгөн америкалык жана европалык миллиардерлер байлыгынын аз эмес бөлүгүн соопчулук долбоорлоруна жумшоого керээз калтырышат – бирок көздөрү өткөндөн кийин гана. Фини болсо башынан эле бүт акчасын соопчулук фондуна которуп салган да, 2020-жылга карата баарын таратып берүүнү пландаштырган. Анысы толук ишке ашты.

Билл Гейтс менен Уоррен Баффетт сыяктуу ири миллиардер-филантроптор (байлыгын соопчулукка жумшагандар) Финини өздөрүнүн мугалими катары аташат. Өз байлыктарын соопчулук максаттарына жумшоо чечимин кабыл алышкан миллиардерлер үчүн, Фини жараткан эталон багыт берди, деп айткан 2014-жылы Баффетт.  

Фини негиздеген фонддордун соопчулукка жумшаган жалпы суммасы, ушул күнгө карата $8 миллиардга жетти. Социалдык соопчулуктун ичинен миллардер билимди өтө жогору  баалаган. Ошондуктан билим берүү тармагына, АКШ гана эмес бүтүн дүйнө жүзү боюнча  $3,7 миллиард жумшаган. Анын 1 миллиарды Фини өзү окуган университетине кеткен. $700 миллион саламаттык сактоону өнүктүрүү программаларына, а $900 миллионго жакыны адам укуктарына жана башка социалдык муктаждыктарга зарпталган.  

16-сентябрда, Zoom боюнча өткөн видеоконференцияда Чак Фини өзүнүн акыркы сөзүн айтып коштошуп, фондун таптакыр жапты.

Өмүрүнүн акырында ал миллиардерден кедейге айланып калды. 2012-жылы бар болгону $2 миллиондук гана мүлкү (негизинен жупуну квартиралар менен үйлөр) калган жана автомобили да жок болчу (АКШ үчүн бул нонсенс).

Ал мурдатан эле кедей болуп өлгүсү келгенин айтып жүргөн.

Чак Фининин тарыхы филантропия чын дилден жана ак ниеттен болушу толук мүмкүн экенин көрсөтүп турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button