Коом

Мэрия: “Глобус” жана “Фрунзе” соода борборлору шаардыктардын ден соолугуна коркунуч жаратууда

Биринчи май районунун акимиаты РИИБ жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкерлери менен биргеликте “Глобус” жана “Фрунзе” ири соода үйлөрүнүн санитардык абалын текшеришип, бир нече бузуулар бар экенин аныкташты. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган соода борборлорунун кире беришинде фильтрлер, дезинфекциялык килемчелер коюлган эместиги, кардарлардын дене табы текшерилбей, колдору антисептиктер менен тазаланбагандыгы, соода борборунун ичинде кардарлар бет капсыз жүргөндүгү аныкталды.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгерлери тарабынан “Глобус” жана “Фрунзе” маркеттеринин администрацияларына “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлүп, экинчи категориядагы айып пул салынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button