Окуялар

Кара-Балтада үйлөнүү үлпөтүндө ок чыгарган жигит аныкталды

Кара-Балта шаарында үйлөнүү үлпөт тоюнда адаттан тыш окуя болгон. Паркта күндүзү күйөө бала асманга тапанча аткылай баштаган.

Бул тууралуу тасма социалдык тармактарда таркалып, видео колдонуучулардын сынына кабылды.

26-сентябрда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул факт жалпы реестрге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси (“Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан ок атуу”) менен катталган.

Милиция ок аткан баланы аныктады. Ал Панфилов районунун 29 жаштагы тургуну Ч.М. 19-сентябрда үйлөнүү тоюнда асманга ок чыгарган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button