Коом

Коронавирус. 2-класстан 6-класска чейин окуучулар мектептен окуй башташат

Жакын арада, эгерде эпидемиологиялык абал начарлабаса 2-класстан 6-класска чейин окуучулар мектептен окуй башташат. Бул тууралуу брифингде Кыргыз Республикасынын башкы санитардык врачы, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жакын арада, эпидемиологиялык абалга жараша мектепте окууга алгач 2-6-класстын окуучулары келет. Окуу мекемелеринде бет кап тагынып, антисептик колдонуп, социалдык аралык сакталышы керек.

«Кийинки этапта 7-11-класстын окуучулары мектепке кайтып келишет. Университеттердин студенттерин аудиторияларга кайтаруу кийинки этаптарда чечилет», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы чечим эпидиомологиялык кырдаалга карата кабыл алынаарын белгиледи.

Азыр мектептерде 1-класстын окуучулары гана окушууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button