Коом
Өзгөчө абал 2020 — жылдын 10- октябрынан тарта иштей баштайт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 9- октябрь күнү Бишкек шаарынын аймагында “өзгөчө абал” тартибин киргизүү тууралуу Жарлыка кол койду.
Президенттин Жарлыгына ылайык “өзгөчө абал” Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 9-октябрынын кечки 20:00 дөн баштап 21-октябрдын эртең мененки 08:00 чейин киргизүү каралган.
Бишкек шаарынын аймагында “өзгөчө абал” тартиби учурунда комендант катары Ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тезинен коомдук саясий кырдаалды стабилдештирүү максатында Бишкек шаарынын аймагында “өзгөчө абал” тартиби 2020-жылдын 10-октябрындан тарта иштеп баштай тургандыгын эскертет.
ИИМдин Басма-сөз кызматы



