Коом
Коронавирус. Жуктургандар көбөйүүдө, дагы төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда өткөн суткада дагы 547 кишиден коронавирус аныкталып, төрт бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандар:
- Бишкек – 123;
- Ош – 52;
- Чүй облусу – 76;
- Ош облусу – 85;
- Талас облусу – 15;
- Нарын облусу – 4;
- Ысык-Көл облусу – 23;
- Жалал-Абад облусу – 79;
- Баткен облусу – 90.
Бир суткада өлкө боюнча 282 бейтап ооруну жеңгени айтылды.
Азыркы маалда 2 919 киши стационарларда, ал эми 2 745 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.
Алардын бири Баткен, бири Ош облусунун, дагы экөө Бишкек шаарынын тургундары.
Бул оору Кыргызстанды аралагандан бери 1 122 адамдын өмүрүн алды.
Саламаттык сактоо министрлиги санитардык нормаларды сактоону, бет кап тагынуу керектигин элге улам-улам эскертүүдө.



