Коом
Бишкекте 1-июлдан тарта жол кирени накталай төлөө токтотулат

Борбор калаада 1-июлдан тарта коомдук транспортто жол кирени накталай төлөө токтотулат. Бул тууралуу Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Шаар башчысы электрондук төлөмү жоктор автобуска түшүрүлбөй турганын айтты.
Ал жол киренин баасы быйыл өзгөрүүсүз каларын, 2027-жылга сунуштар киргизилип жатканын, бирок карап көрө тургандыктарын кошумчалады.



