Коом

Камчыбек Ташиев сойкуканаларды жабууга тапшырма берди

УКМКнын төрагасы Камчык Ташиев 2023-жылдын 1-декабрына чейин республика боюнча интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды жабууга тапшырма берди. Бул туурасында Ташиев бүгүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылышында сүйлөп жатканда айтты.

Мындай милдет мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине жүктөлдү.

Ал УКМК кызматкерлеринин оперативдүү иш-чараларынын артыкчылыктуу милдети катары интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин, сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарылдыгын эскерткен.

«УКМКга аталган мекемелердин мындан аркы иши тууралуу маалымат келип түшсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан алынары айтылды», — деп билдиришти маалыматы кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button