Коом

30-сентябрга карата аба ырайы

Шейшемби, 30-сентябрда, күндүз күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +18…+23, Талас аймагында +16…+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл өрөөнүндө +17…+22, Нарын жергесинде +15…+20 градус жылуу болот.

Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаап, күндүз ала булут каптап турат, күндүн табы +20…+22 градуска жетет. А эми Ош шаарында күн ачык болуп +25…+27 градуска чейин ысыйт.

Тектеш кабарлар

Back to top button