Экс-президент Сооронбай Жээнбеков учурда канча маяна алары айтылды
Сооронбай Жээнбековго жакын адамдар экс-президент учурда канча айлык маяна алып жатканын айтып беришти. Бул тууралуу Кыргызстандагы ММК булактары жазып чыгышты.
Буга чейин Каржы министрлиги экс-президенттин керектөөсүнө 296 миң сом бөлүнгөнүн билдирген.
Жээнбековго жакын адамдар Президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын маалыматына шилтеме берүү менен экс-президент отставкага кеткенге чейин бардык төлөмдөрдү кошкондо айына 66 миң 200 сом эмгек акы алып келгенин айтышты.
Экс-президенттин статусу жөнүндө мыйзамга ылайык, Жээнбеков отставкага кеткенден кийин ага ай сайын мурдагы маянасынын 75 пайызы төлөнүп берилиши керек. Бул 49 миң 650 сомду түзөт. Октябрь айында бардык социалдык төлөмдөр кармалып калгандан кийин Жээнбековго 27 миң 82 сом эмгек акы берилген. Ал эми ноябрда 49 миң 650 сом төлөндү. Декабрь айында дагы 49 миң 650 сом берилет.