Окуялар

Жайыл районунан Улуу Ата-Мекендик согуш маалындагыдай ок атуучу курал табылды

Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Алексеевка айылынын жашоочусунан ок атуучу курал табылып алынды.

Жүргүзүлгөн “Укуктук тартип” аталышындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Алекссевка айылынын жашоочусу, 1965-жылы туулган К.В. аттуу жарандын үйүнөн Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы «Шпагиндин  тапанча-пулемётуна» окшош ок атуучу курал табылып алынган.

Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 252-беренесинде (Ок атуучу куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча катталды.

Азыркы учурда тергөө кызматы зарыл болгон экспертизаларды дайындады.

Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Чүй ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button