УКМК: Дары-дармектерди контрабандалык жол менен алып өтүү фактысы аныкталды — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан коңшу өлкөдө өндүрүлгөн 17 миң 393 таңгактагы “Алоэ экстракты суюктугу” медициналык препараттарын мыйзамсыз алып өтүү фактысы боюнча кылмыш иши иликтенди.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын 2023-жылдын 14-апрелиндеги №37-39 корутундусуна ылайык, медициналык буюмдардын жалпы баасы 2 608 950 сомду түздү.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандары А.Д.А., М.А.З. жана Т.М.А.га КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пункту боюнча кылмыш жасаган деп айып тагылып, кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөн.
Баткен облустук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын жарандары А.Д.А., М.А.З. жана Т.М.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 000 сомдон айып салынып, контрабандалык жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылган унаа конфискацияланды.
Мындан тышкары, жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Баткен районунун 12 дарыканаларында Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган “Алоэ экстракты суюктугу” аттуу контрабандалык медициналык дары-дармекти сатуу фактылары аныкталып, ага байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн жана учурда бул багытта тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынганын жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертет, ошондой эле жарандардан бул фактылар боюнча олуттуу чараларды көрүү үчүн билдирүүнү өтүнөт.





