Дүйнө

Иран Ормуз кысыгын жапканын жарыялады

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) АКШнын аймактагы кийлигишүүсү токтомоюнча Ормуз кысыгы жабылганын жарыялады. Бул тууралуу кечээ, 12-июлда Ирандын Press TV телеканалы билдирди.

КСИРдин маалыматына ылайык, атайын уруксат берилмейинче кысык аркылуу бир дагы кеменин өтүүсүнө жол берилбейт.

Ошондой эле ирандык аскерлер Ормуз кысыгы аркылуу уруксатсыз маршрут менен жана идентификациялоо системалары өчүрүлгөн абалда өтүүгө аракет кылган кеме бутага алынганын билдиришти. Алардын айтымында, сокку кемени токтотуу максатында жасалган.

Мындан тышкары, КСИР Ормуз кысыгы жабылгандан кийин Иранга каршы жаңы чабуулдар жасалса, Жакынкы Чыгыштагы каршылаш тараптын аскердик базаларына сокку уруларын эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button